Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан “Улуттук энергетикалык Холдинг компаниясы” ААКна 2016-жылга аудит жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан “Улуттук энергетикалык Холдинг компаниясы” ААКна 2016-жылга пландык аудит жүргүзүлдү.

Аудиттин жүрүшүндө 1009,9 миң сомго бузуулар аныкталган. Алсак, “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары коопту жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” Жобону бузуу менен жумуш орундарына аттестациялоону өткөрбөстөн туруп эмгектин өзгөчө шарттары үчүн (компьютерде иштөө), ААКнын кызматкерлерине эмгек акыга кошумча төлөп берүүлөр 294,0 миң сомго жүргүзүлгөн.  

“Улуттук энергетикалык Холдинг компаниясы” ААКнын кызматкерлеринин эмгек акы төлөөнүн шарттарынын” Жобосун бузуу менен сый акылардын негизсиз төлөп берүүлөр 715,9 миң сомду түзгөн.

Ошондой эле, аудит Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө”, “Бухгалтердик эсеп жөнүндө”, “Акционердик коомдор жөнүндө” Мыйзамдардын талаптарын бузгандыгын белгилей кетүү керек.

Аудиттин жыйынтыгы боюнча ААКга аудиттин жүрүшүндө белгиленген бузууларга жана кемчиликтерге  жол берген кызмат адамдарынын жоопкерчилигин кароо боюнча сунуштар берилди.

Аудиттин материалдары КР Жогорку Кеңешине, КР Президентинин Аппаратына, КР Өкмөтүнө, КР Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына,            КР Өкмөтүнө караштуу ММБФга, КР Башкы прокуратурасына, КР караштуу МСКна жөнөтүлдү.