Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын адистери тарабынан Борбор Азия Эл аралык университетинин студенттери үчүн дарс өткөрүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын адистери Борбор Азия Эл аралык университетинин 4 - курстун студенттерине дарс өткөрдү. Дарс “Каржы жана салык контролу” курсунун алкагында уюштурулган.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын статусу, ролу функциясы, милдеттери, төрагадан жана сегиз аудиторлордон турган Эсептөө палатасынын Кеңешинин ыйгарым  укуктары, жана аларды шайлоонун тартиби жөнүндө таанышуу учурунда студенттерге кыскача маалымат берилди. Андан ары бет ачардын жүрүшүндө негизги басым Эсептөө палатасынын иш багыттарына, принциптерине жана аудиттик иш - чараларды пландоо, аудиттин түрлөрү жана аларды жүргүзүү эрежелерине болду.

Ошондой эле студенттерге аларды кызыктырган суроолорго жооп алууга мүмкүнчүлүк болду. Дарстын жүрүшүндө көбүн эсе коррупцияга каршы күрөшүү, табылган бузуулардын түрлөрү, Эсептөө палатасынын мамлекеттик башка органдар менен анын ичинде укук коргоо органдары, эл аралык уюмдар менен кызматташуу темаларын камтыды.

Дарстын аягында конокторго эстеликке белектер тапшырылды.