Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов АЗОСАИнин 14-ассамблеясынын ишине катышат

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов Вьетнамдын  Ханой шаарында 2018-жылдын 19-сентябрынан 24-сентябрына чейин өтө турган “Туруктуу өнүгүүдө аудиттин жогорку органынын ролу” жана “Экологиялык аудитти жүргүзүүдө аудиттин жогорку органдарынын ортосундагы кызматташуу” темасында аудиттин жогорку органдарынын Азиялык уюмунун (АЗОСАИ) 14-ассамблеясынын ишине жана АЗОСАИнин 7-симпозиумуна катышат.

Симпозиумдун кезектеги жолугушуусунда катышуучулар  белгиленген темадан сырткары АЗОСАИнин стратегиялык планынын отчетун, уюмду мындан ары өнүктүрүүнүн маселелерин талкуулашты жана аудитордук комитеттин Башкаруучу Кеңешине 2018-2021 жылдарга жаңы мүчөлөрдү шайлашты.

Ассамблеянын алкагында Улукбек Марипов АЗОСАИнин төрагасы, Малайзиянын аудиттин жогорку органынын Башкы аудитору Мадина Бинти Мохамад айым, Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюмунун төрагасы (ИНТОСАИ), Бириккен Араб Эмираттарынын аудиттин жогорку органынын Башкы аудитору Хариб Саед Аль Амими мырза жана Вьетнам мамлекетинин аудиттин жогорку органынын Башкы аудитору Х.Д. Фок жана башка мамлекеттердин делегациялары менен жолугушту.

Маалымат:

АЗОСАИ – ИНТОСАИнин  регионалдык уюму 1979-жылы түзүлгөн. Анын башкы максаты-  АЗОСАИге  мүчө уюмдар ортосунда  финансылык контролдоо, кадырлардын квалификациясын жогорулатуу жана регионалдык  байланыштарды жогорулатуу максатында тажрыйба , идея алмашуу өз ара кызматташуу, көмөктөшүү.

АЗОСАИ жогорку органы – Ассамблеясы 3-жылда бир өткөрүлүп турат. Уюмга азия-тынч океан регионунун жогорку контролдоочу органдарынын 46 өлкөлөрү кирет.