Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы “Элдик” Мамлекеттик ишканасында 2,1 млн сом каржы мыйзам бузууларды аныктады

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүштөрү тарабынан  Ош шаары, Ош, Жалал- Абад жана  Баткен областарында Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу Фондунун астындагы “Элдик” Мамлекеттик ишканасына 2017-жылга  жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 2114,1 миң сом каржы мыйзам бузуулары аныкталган.

Негизги каржы бузууларга: битумдун  8877 кг 215,7 миң сомго жетпей калуусу; бюджетке которулууга тийиш болгон -584,3 миң сом ижара акысы, мүлктү сатуу учурунда баасы төмөндөтүлгөн, жыйынтыгында мамлекеттик ишканага 759,6 миң сом киреше, анын ичинде бюджетке 379,8 миң сом келип түшкөн эмес; ЭО-411 «Драглайн» экскаваторун негизсиз эсептен чыгаруунун натыйжасында мамлекеттик ишканага 175,6 миң сом киреше түшкөн эмес, анын ичинен бюджетке 87,8 миң сом; командировкалык чыгымдарды 4,7 миң сомго ашыкча төлөө.

Ошондой эле “Элдик” мамлекеттик ишканасы жер участогун өткөзүп берүүдө бүтпөгөн ачык сарай 100 даана  тосмо плитасы менен негизсиз эсептен чыгарылган, ал көз карандысыз баалоочунун баасында 374,2 миң сомду түзөт.

Каржы мыйзам бузуулар 215,7 миң сомду түзүп аудиттин жүрүшүндө төлөнүп берилген.

Аудиттин материалдары укук коргоо органдарына укуктук баа берүүгө жөнөтүлөт.