Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Борбордук шайлоо комиссиясына 2016-жылы жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы  Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо жана референдум өткөзүү комиссиясына 2016-жылга карата  бюджеттик жана атайын каражаттарды  пайдалануусуна аудит жүргүзүлдү.

Аудиттин жүрүшүндө 1998,2 миң сом каржы  бузуулар катталган. Анын ичинен, эмгек акыларды негизсиз төлөп берүүлөр - 653,0 миң сом, материалдык баалуулуктарды жана акчалай каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу- 463,8 миң сом, бюджетке кошумча чегерүүлөр - 217,6 миң сом, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна - 663,8 миң сомду түзгөн.

Көрсөтүлгөн мезгилге БШКти убактылуу ишке тартылган адистерге 65,0 миң сом  акчалай сыйлык төлөнүп берилген. Ал учурда, алар штаттык кызматкер болуп саналган эмес жана эмгек келишимде чектелген эмес.

Ошондой эле, аудит “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын бир катар бузууларды  белгиледи.

Каржы мыйзам бузуулардын жалпы суммасынын ичинен калыбына келтирүүгө тийиш болгон  888,2 миң сом толугу менен орду толукталды.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча БШКнын жетекчилигине аудиттин жыйынтыктарын карап чыгып кетирилген кемчиликтерди четтетүү жана  каржы тартип бузууларга жол берген жоопту адамдарга  тийешелүү чараларды көрүү боюнча жазма буйрук берилди. Аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппарат жетекчисине, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешине жана БШК га жөнөтүлдү.