Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасы тарабынан 2016-жылга Билим берүү жана илим министрлигине жана анын ведомстволук түзүмдөрүндө жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан 2016-жылга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине жана анын ведомстволук түзүмдөрүндө  бюджеттик жана атайын каражаттарды пайдаланылышына пландуу аудит жүргүзүлдү. Аудиттин жүрүшүндө   117,3 млн. сомго каржы  бузуулар аныкталган. 

Алардын ичинен, кем чыгуулар жана уурдоолор 4,6 млн. сом, эмгек акыларды негизсиз төлөп берүүлөр - 36,3 млн. сом, материалдык баалуулуктарды жана акчалай каражаттарды негизсиз эсептен чыгаруу - 1,7 млн. сом, казыналыктын тутумунан кыйгап өтүү менен, атайы каражаттарды пайдалануу  -7,5 млн. сом,   курулуш-куроо иштеринин көлөмүн ашыруу - 4,0 млн. сом, бюджеттик жана атайын каражаттарды максатсыз пайдалануу  – 7,2 млн. сом, эсеп боюнча жашырылган дебитордук жана жогорулатылган насыялык карыз – 54,1 млн. сом, салык мыйзамдарын бузуу – 1,0 млн. сом, бюджетке которулууга тийиш болгон ижара акылары – 0,8 млн. сом.

Каржы мыйзам бузуулардын жалпы суммасынын ичинен   81,4 млн. сом калыбына келтирилүүгө тийиш. Учурда 17,3 млн. сом калыбына келтирилди.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 426,4 млн. сомду түздү. Анын ичинде:   товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык чыгымдары -16,9 млн. сом, бюджеттик каражатты ашыкча каржылоо,– 47,9 млн. сом, бааларды жана тарифтерди жогорулатуу – 0,9 млн. сомду, эмгек акыны төлөөдө   бузуулар - 94,3 млн. сом, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  жана башка органдар тарабынан колдонуудагы мыйзамдарга каршы чечимдерди кабыл алынышына, бюджетти түзүүдө  анын киреше бөлүгүнүн азайтуу жана чыгымдар бөлүгүнүн көрсөткүчтөрүн ашырууга байлашыштуу,  бюдджеттин чыгымдар бөлүгү, салык жана башка төлөмдөр боюнча  жоготуулар - 176,3 млн. сом, башка резервдер жана жоготуулар – 90,1 млн. сом.

78,6 млн. сом суммасында рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар аныкталган, анын ичинен, пландалган максатына жетпей калган белгилүү бир иш чараларга чыгымдалган каражаттар -   22,7 млн. сом; товардык-материалдык баалуулуктардын ченемден ашык корлору жана алыш-бериш эсептериндеги  каражаттар   – 55,8 млн. сом; жыл аягында бюджеттик мекемелердин кассаларында накталай бюджеттик каражаттардын пайдаланылбай калган  калдыгы– 0,1 млн. сом.

Аудиттин  жыйынтыгы боюнча министрликке кетирилген кемчиликтерди четтетүү жана аныкталган  бузууларды жоюу боюнча жазма буйрук берилди. Аудиттин материалдары Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине, Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратына, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин катчылыгына, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка жана министрликтин өзүнө жөнөтүлдү.