Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Президент Сооронбай Жээнбеков ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку аудит органдарынын өкүлдөрүн кабыл алды

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 4-июлда Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин Жогорку аудит органдарынын өкүлдөрүн кабыл алды.

Мамлекет башчысы менен жолугушууга Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, Кытай Эл Республикасынын Улуттук аудит кеңсесинин башкы аудитору Ху Зеджун, Индиянын көзөмөлдөөчүсү жана башкы аудиторунун орун басары Аттри Ашуини, Казакстандын республикалык бюджетинин аткарылышын көзөмөлдөө боюнча Эсеп комитетинин төрайымы Наталья Годунова, аудитор, Россиянын Эсеп палатасынын коллегиясынын мүчөсү Татьяна Блинова, Өзбекстандын Эсеп палатасынын төрагасы Музраф Икрамов, Тажикстандын Эсеп палатасынын төрагасы Чиллазода Карахон катышты.

Кыргызстандын Эсеп палатасынын төрагасы Улукбек Марипов бүгүн Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку аудит органдарынын өкүлдөрүнүн IV жолугушуусу болуп өтүп, анда мамлекеттик аудиттин көйгөйлөрү жана келечеги талкууланды. «Биз көп нерселер жөнүндө сүйлөштүк, анын ичинде өлкөбүздөгү коррупция менен күчөтүлгөн күрөш тууралуу», — деп белгиледи Улукбек Марипов.

Ал жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Протоколго кол коюлуп, Биргелешкен билдирүү кабыл алынып, ШКУга мүчө мамлекеттердин Жогорку аудит органдарынын өкүлдөрүнүн, байкоочулардын жана өнөктөштөрдүн жобосу, ошондой эле 2018-2019-жылдарга карата Иш-чаралар планы бекитилгенин билдирди.

Мамлекет башчысы Шанхай Кызматташтык Уюму ар түрдүү мамлекеттик жана бизнес түзүмдөрүнүн өкүлдөрүнүн ачык баарлашуусунун эффективдүү куралы болуп баратканын, ал эми Жогорку аудит органдары ШКУга мүчө мамлекеттерде эң маанилүү демократиялык, укуктук куралдар болуп эсептелээрин белгиледи.

Ал ШКУга мүчө мамлекеттердин Президенттеринин өткөн айда Кытай Эл Республикасынын Циндао шаарында өткөн жолугушуусун эске салды.

«Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин узак мөөнөттүү коңшулаштыгы, достугу жана кызматташтыгы жөнүндө Келишимдин жоболорун ишке ашыруу боюнча 2018-2022-жылдарга Иш-аракеттер планын бекиткенбиз. Бул План экономика, коопсуздук, илим, билим тармактарында, маданий мурастарды сактоодо күч бириктирүүгө, идеялар, инновациялар, практикалык тажрыйбаны активдүү алмашууга жардам берет деген үмүттөмүн», — деп белгиледи Сооронбай Жээнбеков.

Ал аудит органдарынын иш-аракеттерин бириктирүү маанисин белгилеп, алардын ишмердигиндеги артыкчылыктуу багыттар катары ШКУнун алкагында эл аралык инвестициялык долбоорлорду, өзгөчө энергетика жана транспорт тейлөөлөрүндө, капиталды мыйзамсыз чыгарып кетүү менен күрөш жана коррупцияга каршы аракеттенүү жаатында ишке ашырууга бөлүнгөн мамлекеттик каражаттарды колдонуу боюнча эриш-аркак жана биргелешкен аудиттерди өткөрүү болуп калаарына ишенимин билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков аудиторлорго жемиштүү иш, жаңы идеяларды жана мамлекеттер менен элдердин бакубатчылыгы үчүн келечектүү долбоорлорду каалады.