Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы У.А. Мариповдун Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнүнө карата куттуктоосу

Урматтуу кесиптештер!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар - Кыргыз Республикасынын финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм!

Глобализациялоо жана кайрадан жаралуу доорунда финансисттердин жана экономисттердин эмгегинин мааниси жана ролу жыл сайын өсүүдө. Бюджеттин ар бир сомунун артында Сиздердин эмгегиңиздер турат.

Мамлекетти өнүктүрүүнүн азыркы этабында, биздин алдыбызда экономиканы өнүктүрүү жана жогорулатуу, Кыргызстан элинин жыргалчылыгын жогорулатуу боюнча маанилүү милдеттер турат. Алдыбызда али экономиканы бутуна тургузуу, мамлекеттик финансыны башкаруунун натыйжалуу тутумун куруу, коррупциялык көрүнүштөрдү жана тобокелдиктерди түп тамырынан жок кылуу милдети турат. Биргелешкен иш-аракет жана талыкпаган эмгек менен гана биз, өлкөбүздүн гүлдөп-өнүгүүсүн жетишебиз.

Мекенге болгон сүйүү, жогорку кесипкөйлүк жана өз ишине берилгендик, алдыга жылган өнүгүүгө алып келээрине ишенем. Алдыга койгон жалпы максатка жетүү үчүн  баарыбыз бириккенде гана, биз республикабызды өзгөртө, мекендештерибиздин жашоосун жакшырта алабыз, анткени мамлекеттик бюджеттин ар бир сомунда Кыргызстандын элинин эмгеги турат.

Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат жашоо, ишиңиздердеги ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайм.

 

Урматтоо менен,

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын

Төрагасы У. Марипов