Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасы Башкы прокуратура жана укук коргоо органдары менен биргеликте өз ара аракеттенүү жөнүндө макулдашууга кол коюушту

Бүгүн, 31-майда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Улукбек Марипов, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун орун басары Нурлан Дюшембиев, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Идрис Кадыркулов, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин министри Кашкар Жунушалиев жана Кыргыз Республикасынын Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын төрагасы Бакир Таиров Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары менен Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ортосундагы Өз ара аракеттенишүү   жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Жолугушуунун жүрүшүндө  кол коюлган документтер Кыргыз Республикасынын Президенти  Сооронбай Жээнбеков тарабынан коюлган  коррупция менен күрөшүү боюнча талаптарды жана милдеттерди, ошондой эле  Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар комплексин эске алып, укук коргоо органдары менен Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын өз ара аракеттенишүүсүн оптималдоого багытталган. Өз ара аракеттенишүүнүн жаңы тартиби негизинен, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, кайталанган жана негизсиз текшерүүлөрдү алып салуу мүмкүнчүлүгүн берет, ошондой эле финансылык-бюджеттик чөйрөдөгү укук бузууларды алдын алуу жана токтотуу маселесинде Эсептөө палатасы, прокуратура органдары жана укук коргоо органдарынын ортосундагы   өз ара аракеттенишүүнү   күчөтөт.  

Эсептөө палатасынын төрагасы өз сөзүндө, биргелешкен кызматташунун алкагында прокуратура менен укук коргоо органдарынан алынган маалыматтар, аудиттерди жүргүзүүдө тобокелдикке багытталган аракеттерди күчөтүүгө көмөктөшө тургандыгын белгиледи. Натыйжада, бул каржы бузуулардын жана коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алууга алып келет. Макулдашууга кайталанган жана негизсиз текшерүүлөрдү токтотуу маселесин камтуу менен, мамлекет башчысы бизге койгон милдеттер киргизилген. Бүгүнкү кол коюлган документтер биздин өз ара аракеттенүүбүзгө жаңы импульс берээрине ишенем, - деп билдирди Улукбек Марипов.

Өз кезегинде, Башкы прокуратуранын жана укук коргоо органдарынын жетекчилери Эсептөө палатасы, Кыргыз Республикасынын прокуратура органдары менен Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын ортосундагы Өз ара аракеттенишүү   жөнүндө макулдашууга өз учурунда кол коюлгандыгын, анын маанилүүлүгүн жана зарылдыгын баса белгилешти.

Жолугушуунун аягында Тараптар мындан ары жемиштүү кызматташууга ишенимин билдиришти.