КР Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына шайкештик аудит жүргүзүлдү
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында 2021-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 112,4 миң сомду түзгөн, анын ичинде 36,6 миң сому калыбына келтирүүгө тийиш. Анын ичинен:
- Капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы бузуулар 36,6 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш. Анын ичинде:
- Курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу 22,2 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш;
- Капиталдык салымдарга каражаттарды пайдаланууда жана курулуш иштерин аткаруудагы башка бузуулар 14,4 миң сом, калыбына келтирүүгө тийиш.
- Милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо (ченемден ашыкча жана тастыкталбаган чыгымдар 32,0 миң сом. Анын ичинде:
- ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 32,0 миң сом;
- Мүлктүн сакталышын камсыз кылбоо 18,1 миң сом.
- Тастыктоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды жана мүлктү эсептен чыгаруу 18,1 миң сом.
- Товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы бузуулар 25,7 миң сом. Анын ичинде:
- Ченемдик-укуктук актылардын талаптарына ылайык, конкурс өткөрбөстөн сатып алуулар (товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөр) 25,7 миң сом.
Мындан тышкары, 2 (эки) башка жол-жоболук бузуулар аныкталган.
Аудиттин материалдары аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө - Отчет; аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйрук, Сунуш жөнөтүлгөн.