Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратына шайкештик аудит жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык,  Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратында  2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата бюджеттин аткарылышына шайкештик аудит жүргүзүлгөн.                                                             

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы менен табылган баардык финансылык бузуулардын жалпы суммасы 1204,0 миң сомду түзгөн, калыбына келтирүүгө тийиш, калыбына келтирилген. Анын ичинен:

  • Бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актылардын бузулушу 1204,0 миң сом;
  • Дебитордук карыздар боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар 1204,0 миң сом.

Аудиттин материалдары аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган. Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө - Отчет; аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча  Сунуш жөнөтүлгөн.