Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Түп районунда жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 61757,0 миң сом каржылык бузуулар аныкталган

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын областтары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан аудитордук иш планына ылайык,  Ысык-Көл областынын  Түп районунда  2022-жылдын 1-январынан тартып 2023-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгына карата жергиликтүү бюджеттин түзүлүшүнө, аткарылышына жана ишине шайкештик аудит жүргүзүлгөн.

 Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 61757,0 миң сом каржылык бузуулар аныкталган. Анын ичинен:

  • Кыргыз Республикасынын бюджеттик тутумунун тиешелүү бюджетине каражаттардын чегерилбеши 2176,1 миң сом, анын ичинде:
  • мүлктү тескөөдөн алынган каражаттардын, акы төлөнүүчү кызмат көрсөтүүлөрдөн алынган кирешелердин бюджетке чегерилбеши (өз убагында эмес жетолук эмес чегерүү) 25,1 миң сом;
  • бюджетке милдеттүү төлөмдөрдүн чегерилбеши (өз учурунда эмес жана толук эмес чегерүү) 191,0 миң сом;
  • кайтаруу негизинде алынган каражаттарды өз учурунда эмес кайтаруу жана кайтарбай коюу, кайтаруу негизинде берилген зайым каражаттарын (ссуда же кредит) пайдалангандыгы үчүн эсептелген пайыздарды өз учурунда эмес чегерүү же чегербөө 1960,0 миң сом;
  • капиталдык салымдарга бюджеттик каражаттарды пайдалануудагы жана курулуш иштерин аткаруудагы бузуулар 4984,7 миң сом, анын ичинде:

  • курулуш-куроо иштеринин наркын жана/же көлөмүн жогорулатуу 4984,7 миң сом;

  • милдеттенмелерди кабыл алуу жана тастыктоо жана бекитилген көрсөткүчтөрдөн ашыкча чыгымдоо ченемден ашыкча жана тастыкталбаган чыгымдар 2202,6 миң сом, анын ичинде:

  • кызматкерлердин эмгек акысына жана башка акчалай төлөмдөр боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 99,3 миң сом;

  • ТМБ жана башка чыгымдар боюнча ченемден ашыкча чыгымдар 1774,3 миң сом;

  • ТМБ ченемден ашыкча запастары жана эсептешүүлөрдөгү каражаттар 329,0 миң сом.

  • мүлктүн сакталышын камсыз кылбоо 36493,8 миң сом;

  • мүлктү пайдалануудагы бузуулар 15,0 миң сом;

  • бухгалтердик эсеп жөнүндө ченемдик укуктук актылардын бузулушу 5929,2 миң сом, анын ичинен:

  • бухгалтердик эсепти жүргүзүү талаптарын бузуу менен отчеттуу жактарга аванстарды берүү 5,0 миң сом;
  • дебитордук карыздар боюнча эсеп жүргүзүүдөгү бузуулар 5924,2 миң сом;

  • товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуудагы  бузуулар 9955,6 миң сом.

 Мындан тышкары, 11 (он бир) башка жол-жоболук бузуулар жана 2 (эки) мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү башка бузуулар  аныкталган.

Төмөнкү курулуш-куроо иштеринде жогорулатылоо боюнча укуктук баа берүү үчүн КР УКМКнын Ысык-Көл  областы боюнча башкармалыгына жөнөтүлгөн:

  - Түп райондук өнүктүрүү фондусундагы подрядчы “НКН-СтройГрупп” ЖЧКсы тарабынан “Түп райондук социалдык коргоо кызматынын чатырын алмаштырууда”     565,2 миң сомго жогорулатылгандыгы боюнча (2025-ж 03.02. №01-11/26 каты аркылуу);

  - Ысык-Көл айыл өкмөтүндө  Түп райондук өнүктүрүү фондунун каражаттарынын эсебинен  подрядчы “Прогресс Кей Джи” тарабынан “Михайловка айылындагы “Жашыл-Мурас” бакчасынын айланасын жакшылантууда” 408,6 миң сомго жогорулатылгандыгы, 1241,6 миң сомго жумуштар аткарылбагандыгы, ашык алынган 4% бирдиктүү салыгы 197,7 миң сом, үстөк айып 25,5 миң сом боюнча (2025-ж 03.02. №01-11/25 каты аркылуу).

Аудиттин материалдары Түп райондук мамлекеттик администрациясынын жетекчилигинин, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусу менен аймактык бөлүмдүн отурумунда каралган.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө, райондук мамлекеттик администрациянын башчысына, айылдык Кеңештин төрагаларына - Отчет; аудит жүргүзүлгөн айыл өкмөттөргө, мекемелерге жана ишканага аныкталган каржы бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча Жазма буйруктар, Сунуштар жөнөтүлгөн.