КРнын Эсептөө палатасы жалпы республикалык ишембиликке жигердүү катышууда
2024-жылдын 14-сентябрында Жалпы республикалык ишембиликтин алкагында КР Эсептөө палатасынын командасы айлана-чөйрөгө кам көрүү позициясын баалай турганын көрсөтүп, Байтик айылынын жогору жагынан Кашка-Суу айылына чейинки жолдун четтерин тазалоо менен аймакты ирээтке келтиришти.
Бул сыяктуу корпоративдик иш-чаралар жолдордогу тазалыкты сактоо үчүн гана эмес, командалык ынтымакты чыңдоо, коом алдындагы биримдикти жана жоопкерчиликти көрсөтүү үчүн да пайдалуу. Ишембиликке катышуу аймактагы экологияны жакшыртууга болгон салымды кошуу мүмкүнчүлүгү гана болбостон, жамаат менен баарлашуу жана биримдикти күчөтүү үчүн эң жакшы мүмкүнчүлүк болуп калды.
"Биз табиятыбызга жана айлана-чөйрөгө кам көрүүнүн маанилүүлүгүн түшүнөбүз. Жашоо үчүн таза жана ыңгайлуу мейкиндикти түзүүгө ар бирибиз өз салымыбызды кошо алабыз", — деп белгиледи Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын жамааты өлкөнүн бардык жарандарын мындай иш-чараларга жигердүү катышууга жана мекенибиздин тазалыгы жана бакубаттуулугу жөнүндө кам көрүүгө чакырат. Биз биргеликте сүйүктүү Кыргызстанды өлкө жарандары үчүн гана эмес, коноктор үчүн да таза жана жагымдуу жайга айланта алабыз!