Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн отурумун өткөрдү
Жакында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңешинин кезектеги отуруму болуп өттү, анда аудитор В.А. Садовников тарабынан 2022-жыл үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин жана анын ведомстволук жана түзүмдүк жана аймактык бөлүмдөрүнүн бюджетинин аткарылышынын шайкештик аудити жөнүндө Отчет берилди.
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыз кылуу жана миграция министрлигинде жана анын ведомстволук жана түзүмдүк бөлүмдөрүндө жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин натыйжасында жалпы суммасы 149 944,2 миң сомго финансылык мыйзам бузуулар аныкталган, республикалык бюджеттин жоготуулары жана сарамжалсыз пайдаланылган каражаттар аныкталган. Бул сумманын 43 876,2 миң сому, бул жалпы бузуулардын 29,2%, эмгек акыны эсептөө жана төлөө бөлүгүндө орун алган.
Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча 2151,5 миң сом суммасында финансылык мыйзам бузуулар аныкталган, алардын ичинен аудиттин жүрүшүндө 295,6 миң сом калыбына келтирилген. Атап айтканда:
Акча каражаттарынын жана товардык-материалдык баалуулуктардын кем чыгуулары, уурдалышы 1110,6 миң сомду түзгөн. Аудиттин жүрүшүндө 268,0 миң сом калыбына келтирилип, 738,5 миң сом боюнча укук коргоо органдары тарабынан текшерүү жүргүзүлүүдө.
Каражаттарды чыгымдоодо эреже бузуулар жана кемчиликтер 1145,0 миң сомду түздү, анын ичинде:
- 72,5 миң сом суммасындагы иш сапарына кеткен чыгымдарды негизсиз эсептен чыгаруу, анын ичинен 27,6 миң сом калыбына келтирилген;
- 61,0 миң сом суммасында ырастоочу документтери жок товардык-материалдык баалуулуктарды эсептен чыгаруу;
- 1011,5 миң сом суммасындагы бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу.
Бюджеттин кошумча чигерилген кирешелери (бюджетке которулуучу ижара акы) 264,0 миң сомду түздү.
147528,7 миң сом суммасындагы бюджеттин резервдери жана жоготуулары аныкталды, анын ичинде:
- 20352,7 миң сом суммасында бюджеттик мекемелерди ашыкча каржылоо.
- 43876,2 миң сом суммасындагы эмгек акыны төлөөдө мыйзам бузуулар.
- башка резервдер жана бюджеттин жоготуулары 83299,8 миң сом суммасында.
7460,9 миң сом суммасында рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар аныкталды, анын ичинде:
- товардык-материалдык баалуулуктардын жана эсептөөдөгү каражаттардын ченемден тышкары запастары жана дебитордук карыздар 2717,6 миң сом суммасында;
- жылдын аягында бюджеттик мекемелерде накталай бюджеттик каражаттардын пайдаланылбаган калдыктары 4 743,3 миң сом суммасында.
Кеңештин мүчөлөрү берилген маалыматтарды угуп, отчетту талкуулашты жана зарыл болгон сунуштарды киргизишти. Аудиттин жыйынтыгы кийинки аракеттер үчүн тиешелүү мамлекеттик органдарга берилет.
Ошондой эле отурумда аудитордук иштин планына өзгөртүүлөр киргизилди жана Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аймактык бөлүмдөрүнүн 2023-жылга карата ишмердүүлүгү каралды.