Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын Түркия Республикасына иш сапары

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Түркия Республикасына иш сапары менен барып, Түрк Эсептөө сотунун түзүлгөндүгүнүн 162 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышты.

Иш сапардын алкагында Алмазбек Акматов Азербайжандын, Казакстандын жана Өзбекстандын Жогорку аудит органдарынын өкүлдөрү менен биргеликте ар кандай иш-чараларга катышты. Ал ошондой эле Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын спикери Нуман Куртулмуш мырза менен жолугушууда болду.

Иш сапардын маанилүү учуру катары Эсептөө палатасынын төрагасы менен Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Элчиси Руслан Казакбаевдин жолугушуусун айтсак болот, анда эки тараптуу кыргыз-түрк мамилелеринин учурдагы абалы жана өнүгүүнүн келечеги талкууланды.

КРнын Эсептөө палатасынын төрагасы менен Түркиянын Эсептөө сотунун төрагасы Метин Йенердин эки тараптуу жолугушуусуна өзгөчө көңүл бурулду. Жолугушууда эки тараптуу өз ара аракеттенүү маселелери жана жалпы кызыкчылык туудурган темалар боюнча мындан аркы өнүгүүнүн келечеги талкууланды.

Бул иш сапар Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы аудит жаатындагы кызматташтыкты бекемдеген, ошондой эле диалогдун жана кызматташтыктын маанилүүлүгүн тастыктоочу дагы бир кадам болду.