КР Эсептөө палатасы Тогуз-Торо районуна жүргүзгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча – 1 млн 058,5 миң сом каржы бузууларды аныктады
- Details
- Hits: 235
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, ЖалалАбад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшү, Жалал-Абад областынын Тогуз-Торо районунун социалдык экономикалык өнүгүүсүн талдоо жана 2021-2022-жылдар аралыгына карата жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетинин түзүлүшүнө жана анын аткарылышына шайкештик аудитин жүргүзгөн.
Аудитке райондук мамлекеттик администрациясы, КР финансы министрлигинин Тогуз-Торо финансы башкармалыгы, Тогуз-Торо районунун айыл аймактары жана райондогу өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык ишканалары камтылган.
Тогуз-Торо районуна жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча 1 млн 058,5 миң сомдук каржылык чектен чыгуулар аныкталды. Бузуулардын классификатору боюнча:
- бюджетке төлөмдөрдү эсептөөнүн тууралыгы, толуктугу жана өз учурунда төлөнүшү, алар боюнча туумдардын жана айып пулдарды эсептөө жана төлөө боюнча контролдоо чаралардын көрүлбөшү (бюджетке жана СФга кошумча эсептөөлөр) – 41,5 миң сом;
- курулуш иштеринин көлөмун жана баасын негизсиз жогорулатуу жалпы – 626,4 миң сом;
- кызматкерлердин эмгегине төлөө жана акчалай түрдөгү жана башка төлөмдөр боюнча ченемден ашык чыгымдар – 66,7 миң сом;
- товардык материалдык баалуулуктардын жана акча каражаттарынын нормадан ашыкча чыгымдалышы 49,7 миң сом;
- эмгек акы, сапар чыгымы, жөлөк пулдар, компенсациялар жана башка төлөмдөрду төлөөдөгү бузуулар – 147,5 миң сом;
- утурумдук болуп жаткан чыгымдарды эсепке алууда мыйзам талаптарынын сакталбашы (пландалган максатына жетпей сарпталган каражаттар) – 58,0 миң сом;
- дебитордук карыздарды бухгалтердик эсептен жашыруу – 68,5 миң сомду түздү.