КР Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов Азия өнүктүрүү банкынын миссиясынын башчысы менен жолугушту
- Details
- Hits: 1141
2023-жылдын 28-сентябрында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов Азия өнүктүрүү банкынын (АӨБ) миссиясынын башчысы, Филиппиндин Манила шаарында жайгашкан АӨБнын башкы кеңсесинин мамлекеттик башкаруу боюнча башкы адиси Анжум Исрар менен жолугушту.
Жолугушууда АӨБ тарабынан Кыргыз Республикасына көрсөтүлүп жаткан "Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну бекемдөө жана коррупцияга каршы күрөшүү" техникалык жардамын ишке ашыруунун жүрүшүн жана мындан аркы кызматташуунун келечегин талкуулашты.
Иш чаранын жыйынтыгында, катышуучулар республиканын мамлекеттик башкаруу институттарын мындан ары өнүктүрүү үчүн, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы менен АӨБ ортосундагы эки тараптуу кызматташуунун маанилүүлүгүн белгилешти.