Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш. Акматов эмгек жамаатын КР финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктады
Урматтуу кесиптештер!
Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!
Финансы-экономикалык системанын кызматкерлери өлкөдө жүргүзүлүп жаткан реформалардын көбүнүн активдүү катышуучулары жана демилгечилери болуп саналат.
Сиздердин жогорку кесипкөйлүгүңүздөр, ишиңиздерге конструктивдүү жана жоопкерчиликтүү мамилеңиздерден өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө жана анын финансылык туруктуулугун камсыз кылууда эмгегиңиздер маанилүү экенин белгилегим келет.
Бир максатта болуу менен гана биз, республикабызды жакшы жакка өзгөртө алабыз, мекендештерибиздин туруктуу жашоосун камсыздай алабыз, анткени, мамлекеттик бюджеттин ар бир сомунун артында Кыргызстандын элинин эмгеги турат.
Сиздерге чын дилимден кесиптик ийгиликтерди, туруктуулукту жана финансылык ишмердикте жаңы жетишендиктерди каалайм!
Урматтоо менен,
КР Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш. Акматов