Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КРнын Эсептөө палатасы балдарды 1-июнь – Балдардын коргоонун эл аралык күнү менен куттуктады

Бүгүн, балдарды коргоонун эл аралык күнүндө КРнын Эсептөө палатасынын эмгек жамааты Бишкек шаарындагы "Акниет" оор кырдаалдагы балдар борборуна барып, белектерди берип, куттукташты. 
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш.Акматов, аудитор Б.А. Рыскулиев, аппарат жетекчиси Н.Б. Осмонов, Профсоюз комитетинин төрагасы С.З. Утуров жана башка кызматкерлер бул жатак-мектебине барышып, балдарга жаркын маанай, шаттуу күн тартуулаган майрамы менен куттукташып, жакшы тилектерин, каалоолорун айтышты.
Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов өз сөзүндө ар бир бала коргообузга, мээримибизге муктаж экенин белгиледи.
“Сиздерге кааларым, бактылуу балалык, ар дайым ден соолугуңарды чыңдоону унутпагыла. Келечекте адептүү, билимдүү, акылдуу, мекенчил болуп өскүлө. Улууларды урматтап, кичүүлөрдү сыйлаңыздар. Мекенибизди барктап сүйгүлө, анткени силер анын келечегисиңер. Кыялдангандан эч тартынбагыла, жаштын тилегин берет. Ошондой эле балдарды тарбиялап өстүрүүдө мугалимдердин эмгеги баа жеткис, бүт өмүрүңөрдү, билимиңерди арнап эмгектенип жатасыздар, сиздерге албан ийгиликтерди каалайм”, — деди Алмазбек Акматов
Чыгып сүйлөгөндөр, балдарга туура тарбия берип, илим-билимге сугарган, келечекте алардын мыкты инсан болуп чыгышына болгон күч-аракетин жумшаган, алар үчүн билимин жана өмүрүн арнаган мугалимдерге ыраазычылык билдиришти. 
Ошондой эле Эсептөө палатасынын кызматкерлери өз каражаттарына сатып алган, белектерди – телевизорлор, кондиционер, китептерди, таттууларды, мөмө жемиштерди, кеңсе товарларын беришип, балдарды жана алардын мугалимдерин, тарбиячыларын сүйүнтүштү.
Ал эми бул борбордун директору Мукарам Атамырзаева биринчи жолу мындай белектерди алып жатканын айтты. 
“18-жылдан бери эмгкетенип келем, бирок демөөрчүлүлөрдөн мындай жардам ала элек болчубуз. Убактыңыздарды бөлүп бизге келип жатканыңыздарга аябай кубанычтабыз. Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалайбыз”, — деди Атамырзаева
Эсептөө палатасы буга чейин да Ысык-Ата районунун Красноречка атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинин окуучуларына компьютерлерди, эмеректерди жана килемдерди жардам катары беришкен. Мындай жардам берүү майрам күндөрү гана болбостон башка учурларда да боло берээрин аппарат жетекчиси Нурпаис Осмонов баса белгиледи.