Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Чүй облусунун Чүй районунун жергиликтүү бюджетинде 3 млн.791,3 миң сом суммасында каржы бузуулар аныкталды

Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүнүшү тарабынан, 2021-жылга карата мезгил аралыгындагы Чүй облусунун Чүй районунун жергиликтүү бюджеттеринин түзүлүшүнө жана аткарылышына, республикалык бюджеттеги айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн.

Жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 3 млн.791,3 миң сом каржы бузуулар аныкталган, анын ичинен:

- жетпей калуулар жана уурдоолор – 3,3 миң сом;

- каражаттары чыгымдоодогу бузуулар жана кемчиликтер 3 788,0 миң сом, анын ичинен:

  • эмгек акыны негизсиз төлөөлөр –1 514,2 миң сом;
  • эсеп берме суммаларды кошкондо, материалдык баалуулуктарды жана акча каражаттарын негизсиз эсептен чыгаруу – 25,7 миң сом;
  • курулуш- куроо иштеринин көлөмдөрүнүн жогорулатылышы – 2 222,1 миң сом; 

- мамлекеттик насыяларды жана бюджеттик ссудаларды максатсыз пайдалануу - 26,0 миң сом.

Аныкталган бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 1 687,1 миң сом, анын ичинен:

  • эмгек акыны төлөөдөгү бузуулар – 1 412,2 миң сом;
  • КРнын Өкмөтүнүн, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана башка органдардын кабыл алган чечимдерине байланыштуу, бюджеттин салык, бажы жана башка төлөмдөрү боюнча жана бюджеттин чыгаша бөлүгү боюнча бюджеттин жоготуулары – 274,9 миң сом;

Аныкталган рационалдуу эмес пайдаланылган каражаттар – 282,1 миң сом.

- материалдык баалулуктардын нормативден ашыкча запастары жана эсептеги каражаттар – 282,1 миң сомду түзгөн.

Аудиттин материалдары 2023-жылдын 22-майында КРнын Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн отурумунда каралган. Аныкталган финансылык бузууларды жана кемчиликтерди жоюу бонча аудит жүргүзүлгөн бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына жазма буйруктар жөнөтүлгөн.

Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн отурумунун чечими менен Кош-Коргон айыл өкмөтүнүн бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын шайкештик аудитинин материалдары ("Кош-Коргон айылындагы суткалык жөнгө салуу бассейнин механикалаштырылган тазалоо" объектиси боюнча подрядчы "Сууканалстрой" ЖЧКсы тарабынан иштердин көлөмдөрүнүн 1 101,8 миң сомго жогорулатылган факты боюнча), укуктук баа берүү үчүн Чүй облустук прокуратурасына жиберилген.