Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Алимжан Байгазаков Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланды

Бүгүн, 17-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Байгазаков Алимжан Топчубаевич Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын аудиторунун кызмат ордуна шайланды.

Алимжан Байгазаковдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясы тарабынан сунушталган. Фракция лидери Жанарбек Акаев талапкер тууралуу маалымат берип, анын эмгек тажрыйбасына учкай токтолду.

Жашыруун электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында Алимжан Байгазаковдун талапкерлиги колдоо тапты.

Байгазаков 2018-жылдан бери аудитор болуп иштеп келген, бирок анын ыйгарым укуктары аяктагандыгына байланыштуу анын талапкерлиги кайра шайланган.