Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Алмазбек Акматов Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады

Урматтуу мекендештер! Ардактуу ардагерлер!
Сиздерди Эсептөө палатасынын жамаатынын атынан жана жеке өзүмдүн атыман 9-май Улуу Жеңиш майрамы менен чын дилимден куттуктайм!

9-Май – Ата-бабаларыбыздын өлбөс-өчпөс эрдигин даңазалаган, көп улуттуу элибиздин биримдиги жана ынтымагы менен жаркын жашоону тартуулаган Жеңиш күнү! Даңктуу тарыхыбыз менен элибиз дайыма тынчтыктын, ынтымактын майрамы катары белгилеп келишет.

Бул күндө биз келечек муундун бейпил жашоосу үчүн согуш талааларында жана тылда жан аябай салгылашып отуруп фашизмди жеңген ата-бабаларыбыздын теңдешсиз эрдигин өзгөчө сыймыктануу, ыраазычылык сезимдер менен эстейбиз. 

Советтик Армиянын катарында 360 миңден ашуун жердешибиз баатырларча салгылашкан. Алардын ысымдары согуштун даңктуу таржымалында түбөлүккө жазылып калды.

Урматтуу мекендештер!
Ар бирибиздин үйүбүздө жакшылык жылоолоп, Кадырман карыларыбыздын жүзүнөн бакыт нуру чачырасын жана Энелерибиздин көз жашы мындан ары эч качан төгүлбөсүн!

Сиздерге терең таазим этип,
Эсептөө палатасынын төрөгасы 
Алмазбек Акматов.