Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын төрөгасы Алмазбек Акматов 5-май Конституция күнү менен куттуктады

Урматтуу кыргызстандыктар!
Бүгүн биз эркиндигибиздин жана эгемендүүлүгүбүздүн негизи болгон Конституция күнүн белгилеп жатабыз. Бул күн ар бир адамдын укугун жана эркиндигин сыйлаган өлкөдө жашап жатканыбызды эске салат.
Конституция – жарандардын укуктарын жана милдеттерин аныктаган, ошондой эле алардын таламдарын коргоого кепилдик берген мамлекетибиздин негизги мыйзамы. Ар бир адамга бирдей шарт түзүп, мамлекетибиздин туруктуулугун, гүлдөп-өнүгүшүн камсыздайт.
Конституция күнү – Мекенибиз үчүн, анын жетишкендиктери жана прогресси үчүн сыймыктануучу күн. 
Баарыңыздарды Конституция күнү менен куттуктайм! Баарыбызга ачык асман, Мекенибизге бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүү каалайм. Конституциябыз ар дайым укугубузду, эркиндигибизди коргоп, тынчтыкта, ынтымакта жашайлы.
Урматтоо менен,
Алмазбек Акматов