Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Көз карандысыз шериктеш мүчө -мамлекеттердин финансылык контролдоонун жогорку органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин өкүлдөрү үчүн тажрыйба алмашуу боюнча семинар болуп өттү.

Эсептөө палатасынын кызматкерлери 2023-жылдын 29-мартында КМШга мүчө мамлекеттердин Жогорку мамлекеттик аудит (финансылык көзөмөл) органдарынын жетекчилеринин кеңешинин алкагында уюштурулган "Жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде кантип отчет жазуу керек" аталышындагы тажрыйба алмашуу онлайн семинарга катышты

Семинарда Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын Тышкы коммуникациялар департаментинин башкы кеңешчиси Ангелина Горбунова баяндама жасап, ал аудиториянын медиа керектөөсүнө болгон мамилени кантип өзгөртүү керектигин жана контролдук, эксперттик-аналитикалык иш-чаралардын жыйынтыктарын кыска жана жеткиликтүү берүүнүн жолдорун айтып берди. Семинарда тексттерди даярдоо, маалыматты структуралаштыруу, материалдын стилин тандоо, визуалдык маалыматтардын дизайн өзгөчөлүктөрү боюнча сабактар болду.