Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын кызматкери «Жогорку аудит органдары менен коррупцияга каршы күрөшүү органдарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоо» семинарына катышты

2023-жылдын 14-16-мартында Таиланддын Бангкок шаарында БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгы тарабынан уюштурулган «Жогорку аудит органдары менен коррупцияга каршы күрөшүү институттарынын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө» темасында семинар болуп өттү. Семинарга Кыргызстандын атынан Эсептөө палатасынын жана Башкы прокуратуранын өкүлдөрү катышты.

Иш-чарада коррупциянын алдын алуу жана ага каршы күрөшүү боюнча концепциялар жана механизмдер, ошондой эле коррупцияга каршы күрөшүү чөйрөсүндө жогорку аудит органдары менен коррупцияга каршы органдардын өз ара аракеттенүү маселелери талкууланды.

Мындай иш-чаралар коррупцияга каршы күрөштө, эл аралык кызматташтыкты өнүктүрүү жана мамлекеттик органдардын ишинин ачык-айкындуулугун камсыздоо үчүн чоң мааниге ээ. Коррупцияга каршы күрөш көптөгөн мамлекеттердин, анын ичинде Кыргызстандын коомдук-саясий турмушунда маанилүү приоритет болуп саналат жана мындай иш-чаралар мамлекеттик башкаруу системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылууга ошондой эле элдин бийликке болгон ишенимин бекемдөөгө жардам берет.