Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын кызматкерлери «Infodocs» электрондук документ жүгүртүү системасы боюнча окуудан өтүштү

2023-жылдын 25-мартында Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу «Инфоком» мамлекеттик ишканасынын адистери Эсептөө палатасынын кызматкерлери үчүн «Infodocs» жаңыланган электрондук документ жүгүртүү системасын колдонуу боюнча тренинг өткөрүштү. Тренингдин алкагында кызматкерлерге системанын иш жүзүндө кандай иштээри, анын инновациялары көрсөтүлдү. «Инфокомдун» адистери КР Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин бардык суроолоруна жооп беришти.

Infodocs электрондук документ жүгүртүү системасы мамлекеттик органдарда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында, мамлекеттик ишканаларда жана мекемелерде иш кагаздарын жүргүзүүнү автоматташтыруу, ошондой эле документтерди электрондук форматка өткөрүү үчүн арналган маалыматтык платформа. Бул системаны колдонуу каттарды жана башка кагаз иштерин жөнөтүү жана жеткирүү убактысын кыскартууга, ошондой эле аткаруучулук тартипти жакшыртууга жардам берет. Бул өз кезегинде документтер менен иштөөнүн сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө түзөт.