Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргызстандын 11 өлкөдөгү элчиликтериндеги Эсептөө палатасынын аудитинин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын 11 мамлекеттеги: Беларусь Республикасындагы, Сауд Арабия Падышачылыгындагы, Катар Мамлекетиндеги, Италия Республикасындагы, Туркия Республикасындагы, Кувейт Мамлекетиндеги, Түркмөнстандагы, Венгриядагы, Кыргыз Республикасынын Женевадагы Бириккен Улуттар Уюмундагы жана башка эл аралык уюмдардагы Туруктуу өкүлчүлүгүндө, Кыргыз Республикасынын Швейцария Конфедерациясындагы Элчиликтеринде жана Кыргыз Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугунда, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчү шаарындагы Визалык пунктунда бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөн

 

Кыргыз Республикасынын Беларусь Республикасындагы Элчилигинде 2021-2022-жылдарга текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 623,64  АКШ доллары өлчөмүндө сарамжалсыз пайдаланылган каражаттар аныкталган.

 

Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчү шаарындагы 2018-2021-жылдар аралыгындагы визалык кеңсесинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 4947,63 АКШ доллары өлчөмүндөгү каражат максатсыз пайдаланылганы белгилүү болгон.

 

Кыргыз Республикасынын Кувейт Мамлекетиндеги Элчилигинде 2021-2022-жылдарга бюджеттин аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 1244,96 АКШ доллары өлчөмүндөгү каржылык мыйзам бузуулар табылган.

 

Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү башка дипломатиялык өкүлчүлүктөрүндө жана уюмдарында текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар катталган жок.