Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасында кезектеги техникалык окутуулар өткөрүлдү

Адисттердин кесипкөйлүк деңгээли Эсептөө палатасынын негизги ишмердүүлүгүнүн сапатына таасир этээрин эске алып, мекемеде кадрлардын даярдыгына өзгөчө маани берилет. Андыктан Эсептөө палатасында кызматкерлерди агартуу иштерине тартуу жигердүү  жүргүзүлүп келет. Борбордук аппаратта иштегендер окутууларга өздөрү катышып турушат, ал эми аймактык структураларда иштеген кызматкерлерди борбордук аппаратка алып келип окутуу чоң каражатты талап кылат. Андыктан, окутуу ар кандай форматта өткөрүлүп келет. Каражатты үнөмдөө үчүн агартуу иштеринин онлайн форматта жүргүзүлүшү мекеме үчүн салтка айланды.      


Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасынын буйругуна ылайык, ошондой эле этикалык ченемдерди жана Эсептөө палатасынын ички эмгек жана иштөө тартибинин эрежелерин сактоо максатында, анын борбордук аппаратындагы жана аймактык бөлүмдөрүндөгү кызматкерлерине техникалык окутуу өткөрүлдү. Мында аудит жүргүзүп жаткан кызматкерлердин ишин үзгүлтүккө учуратпоо, ошондой эле иш сапарынын чыгымдарын үнөмдөө максатында бул окутуу онлайн/оффлайн режиминде уюштурулду.


Бекитилген программага ылайык, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этика Кодексинин жана Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этика кодексинин негизги ченемдери, принциптери жана эрежелери боюнча бет ачаар жасалды. Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этика маселеси боюнча комиссиясынын иши жөнүндө баяндама жасалды. Ошондой эле, мекеменин ички эмгек жана иш тартибинин эрежелерине жооптуу мамиле жасоо керектиги жөнүндө да сөз козголду.


“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы боюнча жана Эсептөө палатасында кызыкчылыктардын кагылышуусуна каршы (башкаруунун) чараларды көрүү жөнүндө баяндама болду.
Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы саясатынын жана мамлекеттик органдардагы саясий жана системалуу коррупциянын себептерин жоюу боюнча өз ара кызматташуунун алкагында, Кыргыз Республикасынын жаңы Кылмыш-жаза кодексинин жалпы түшүнүгү боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Э.А. Алиев атындагы академиясынын Жазык укугу кафедрасынын башчысы Р.Т. Исмаилов лекция окуду. Ал мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыштардын беренелери боюнча айтып берди.