Ысык-Ата районунун 2021-жылга жергиликтүү бюджеттердин, республикалык бюджетте турган муниципалдык ишканалардын жана мекемелердин аудитинин жыйынтыгы
Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүнүшү жергиликтүү бюджеттерди түзүүнүн жана аткарылышынын, 2021-жылга республикалык бюджетте турган Ысык-Ата районундагы муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүнө жана башка мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкеш аудит жүргүздү.
Текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 6518,3 миң сомдук финансылык мыйзам бузуулар аныкталды, анын ичинде:
- жетишсиздик жана уурдоо - 6,6 миң сом.
- каражаттарды сарптоодогу мыйзам бузуулар жана кемчиликтер - 6368,9 миң сом, анын ичинен: эмгек акынын негизсиз төлөнүшү - 1470,2 миң сом;
- курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн ашыкча баалоо - 2419,0 миң сом;
- эсептен жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз - 2401,2 миң сом;
- башка деңгээлдеги бюджеттерде турган уюмдарга жергиликтүү бюджеттерден бөлүнгөн каражаттар - 78,5 миң сом.
- бюджеттин кошумча чегерилген кирешелер - 142,8 миң сом, анын ичинен:
- бюджетке чегерүү үчүн ижара акысы – 142,8 миң сом.
Бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 11134,2 миң сомго аныкталды.