Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

«СК Ресурс» ЖЧКнун ишмердүүлүгүнө шайкештик аудитинин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2020-2021-жылдар аралыгында «СК Ресурс» ЖЧКсынын ишмердүүлүгүнө шайкештик аудит жүргүздү.

 

Маалымат үчүн: Коомдун уставдык капиталы 1000 сомду түзөт. Улутташтырылгандан кийин Коомдун негиздөөчүлөрү болуп төмөнкүлөр саналат:

- Кононенко В.Н. (10% уставдык капиталы);

- ООО SNOW LAMA (20% уставдык капиталы);

- РСКнын алдындагы ФУГИ (70%).уставдык капиталы).

Коомдун жогорку башкаруу органы болуп - Коомдун мүчөлөрүнүн жалпы чогулушу саналат; жалгыз аткаруучу органы болуп - коомдун башкы директору саналат.

Коомдун негизги максаты киреше табуу, Коомдун негизги ишмердүүлүгү - мейманканаларды, эс алуу үйлөрүн, ресторандарды, дүкөндөрдү, турак жай жана административдик имараттарды куруу жана эксплуатациялоо, ошондой эле аларды ижарага берүү, сатуу жана башка келишимдерди ишке ашыруу жаатында инвестициялык ишмердүүлүктү жүргүзүү болуп саналат.

Киреше Ак-Суу районундагы “Каракол” лыжа базасында жайгашкан «Каприз-Каракол» мейманканасында көрсөтүлгөн кызматтардан алынат.

 

Аудиттин жүрүшүндө 2020-жылы негизги каражаттарды амортизациялоодо профилин кайра өзгөртүп жаткан имаратка 250,3 миң сом өлчөмүндө амортизация эсептелгени аныкталган.

Мындан тышкары, чет өлкөлүк валютадагы (АКШ доллары) кредиттерди, займдарды жабууга байланыштуу курстук айырмачылыктардан Коомдун чыгашага учурашынын жогорку тобокелдиктери бар экендиги аныкталган.