Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

КР Эсептөө палатасы 2021-жылга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинде аудит жүргүздү. Текшерүүнүн жүрүшүндө жалпы суммасы 23 522,0 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталып, ордуна келтирүүгө тийиш болгон сумма 7 289,9 миң сомду түзгөн, анын ичинен 5 078,8 миң сом ордуна коюлду.

Мындан:

Текшерүүнүн жыйынтыгында 734,5 миң сомдук акча каражаттарынын жана материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги аныкталган. Белгилей кетсек, 734,5 миң сом ордуна коюлган.

Эмгек акыларды негизсиз төлөөлөр 16 542,6 миң сомду түздү.

Товардык материалдык баалуулуктарды, акча каражаттарын жана иш сапар чыгымдарын негизсиз чыгымдоо 1 386,8 миң сомду түзгөн, анын ичинен 1 386,8 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 631,5 миң сом калыбына келтирилди.

Курулуш монтаждоо жумуштарынын көлөмүн ашыруу 744,7 миң сомду түзөт, мындан 744,7 миң сом, калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, 333,8 миң сом калыбына келтирилди.

Эсептен жашырылган дебитордук жана жогорулатылган кредитордук карыз 3 530,4 миң сомду түзүп, анын ичинен 3 511,6 миң сому мекемелерге калыбына келтирилди.

 

Мындан сырткары, бюджеттин резервдери 4 958,8 миң сомго аныкталды, мындан 4 096,1 мин сому ордуна коюлууга тийиш болсо, 647,7 миң сому ордуна коюлду.