Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кара-Көл шаарынын мэриясынын 2020-2021-жылдарга бюджеттик аудитинин жыйынтыгы

КР Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү Кара-Көл шаарынын 01.01.2020-31.12.2021-жылдык бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун, мэриянын социалдык-экономикалык өнүгүүсү боюнча шайкеш аудит жүргүздү.

 

Текшерүү Кара-Көл шаарынын муниципалитетинде, Каржы министрлигинин Кара-Көл башкармалыгында жана алардын муниципалдык мекемелеринде өттү.

 

Аудиттин жыйынтыгында 8068,3 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталган, анын ичинен: эмгек акыны негизсиз төлөө 6468,4 миң сомду түздү; каражаттарды жана товардык-материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаруу - 684,2 миң сом, бюджетке кошумча чегерилген кирешелер - 234,7 миң сом, кошумча эсептелген ижара акысы – 651,0 миң сом.

 

 

Финансылык тартип бузуулардын ичинен 1599,9 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш. Текшерүүнүн жүрүшүндө 540,5 миң сом өндүрүлгөн. Ошондой эле 944,7 миң сом суммасындагы жоготуулар жана бюджеттик резервдер аныкталган.