Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-2021-жылдарга Токтогул районунун айыл округдарынын бюджеттинин аудитинин жыйыйнтыктары

КР Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү Токтогул районунун 01.01.2020-31.12.2021 мөөнөтүнө айыл округдарынын бюджетинин түзүлүшүнүн жана аткарылышынын шайкеш аудитин жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө талдоо жүргүздү.

Мамлекеттик финансылык текшерүү райондук мамлекеттик администрациясында, КР Финансы министрлигинин Токтогул башкармалагында, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жана алардын муниципалдык мекемелеринде өттү.

Аудиторлор 1054,8 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныктаган, анын ичинен: каражаттарды чыгымдоодо 740,8 миң сомдук тартип бузуулар жана кемчиликтер, эмгек акынын негизсиз төлөнүшү – 164,3 миң сомду, товардык-материалдык баалуулуктарды негизсиз эсептен чыгаруу – 7,0 миң сомду, иш сапары боюнча ашыкча төлөөлөр – 64,2 миң сомду, бюджеттик каражаттарды максатсыз пайдалануу – 196,8 миң сомду, курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жана наркын ашыкча көрсөтүү – 257,7 миң сомду, дебитордук карыздарды жаап-жашыруу жана кредитордук карыздарды ашыкча көрсөтүү – 50,8 миң сомду, бюджетке кошумча чегерилген кирешелер – 125,3 миң сомду, Социалдык фондго кошумча чегерилген кирешелер – 188,7 миң сомду түздү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө 862,2 миң сом өндүрүлүп, өндүрүлбөй калганы 192,6 миң сомду түздү. Бюджеттин жоготуулары жана резервдери 411,5 миң сомду түздү.