Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-2021-жылдарга Москва районунун жергиликтүү бюджеттеринин жана муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнүн аудитинин жыйынтыгы

КР Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүнүшү 2020-2021-жылдарга Чүй облусунун Москва районунун жергиликтүү бюджеттерди түзүүсүнө жана аткаруусуна, муниципалдык ишканаларынын ишмердүүлүгүнө жана республикалык бюджетте турган айрым мекемелердин бюджеттеринин аткарылышына шайкеш аудитин жүргүздү.

Бардыгы болуп текшерүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча 10 768,7 миң сом каржылык тартип бузуулар аныкталган, анын ичинен: - акча каражаттарынын жетишсиздиги жана уурдалгандыгы - 20,0 миң сом; каражаттарды чыгымдоодогу тартип бузуулар жана кемчиликтер — 10 277,8 ми сом.

Бюджеттин резервдери жана жоготуулары – 5 410,8 миң сом түздү, анын ичинде: товардык-материалдык баалуулуктар боюнча нормадан тышкары чыгашалар – 1 012,4 миң сом; эмгек акыны төлөөдөгү бузуулар – 1 047,7 миң сом. Рационалдуу эмес колдонулган каражаттар 1 938,9 миң сомго аныкталды.

Аудиттин материалдары КР Эсептөө палатасынын Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн жыйынында каралды. Текшерилген бардык мекеме-уюмдарга, ишканаларга аныкталган финансылык мыйзам бузууларды жана кемчиликтерди жоюу боюнча көрсөтмөлөр жөнөтүлдү.