Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Сүлүктү шаарынын мэриясынын 2020-2021-жылдарга бюджетинин аткарылышынын аудитинин жыйынтыгы

КР Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү Сүлүктү шаарынын 01.01.2020-31.12.2021-жылдагы бюджетти түзүүнүн жана аткаруунун, мэриянын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн сакталышы боюнча шайкеш аудит жүргүздү.

Финансылык текшерүү Сүлүктү шаарынын муниципалитетинде, КР Финансы министрлигинин Сүлүктү шаары боюнча башкармалыгында жана алардын муниципалдык мекемелеринде өттү. Аудиттин жыйынтыгында 780,1 миң сомдук финансылык тартип бузуулар аныкталган, анын ичинде: товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги – 4,5 миң сом, иш сапардык чыгымдардын ашыкча төлөнүшү – 13,8 миң сом, курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жана өздүк наркын ашыкча баалоо – 36,6 миң сом, максатсыз пайдаланылган мамлекеттик каражаттар — 709,1 миң сом, бюджетке кошумча чегерилген кирешелер — 16,1 миң сом. Финансылык тартип бузуулардын ичинен 745,7 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш. Текшерүүнүн жүрүшүндө 34,4 миң сом өндүрүлгөн. Мындан тышкары, эмгек акынын негизсиз төлөнүшүнө байланыштуу бюджеттин 60,0 миң сом чыгымы аныкталган.