Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Чаткал районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын 2020-2021-жылдарга бюджетинин аудитинин жыйынтыгы

КР Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустары боюнча аймактык бөлүнүшү Чаткал районунун 01.01.2020-31.12.2021-жылкы мөөнөтүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджетин түзүүнүн жана аткаруунун сакталышына шайкеш аудит жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө талдоо жүргүзүлдү.


Аудит райондук мамлекеттик администрациясын, КР Финансы министрлигинин Чаткал башкармалыгын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын жана алардын муниципалдык мекемелерин камтыды. Текшерүү учурунда 30889,7 миң сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды, анын ичинде: 48,3 миң сомго товардык-материалдык баалуулуктардын жетишсиздиги, 30811,8 миң сомго акча каражаттарын чыгымдоодогу тартип бузуулар жана мүчүлүштүктөр, анын ичинен: негизсиз эмгек акы төлөмдөрү 478,1 миң сомду түздү, иш сапарына ашыкча чыгымдарды төлөө – 18,9 миң сом, курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жана наркын 11771,0 миң сомго ашыкча баалоо, дебитордук эсепти жана ашыкча кредитордук карыздарды жашыруу - 18543,8 миң сомго, КР Социалдык фондунун кирешесине камсыздандыруу төгүмдөрүн кошумча чегерүү - 29,6 миң сомго аныкталды.


Аныкталган каржылык тартип бузуулардын ичинен 30 868,5 миң сому калыбына келтирилүүгө тийиш, аудиттин жүрүшүндө 772,5 миң сом калыбына келтирилди. Бюджеттин резервдери жана жоготуулары 4121,8 миң сомду түздү.


Каныш-Кыя айыл округу боюнча 9363,8 миң сомго курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жана өздүк наркын ашыкча баалоо боюнча аныкталган фактылардын текшерүү материалдары юридикалык баа берүү үчүн Жалал-Абад облустук прокуратурасына өткөрүлүп берилди.