Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Ысык-Көл облусунун Түп районунун 2020-2921-жылдарга жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ысык-Көл жана Нарын облустары боюнча аймактык бөлүнүшү 2020-жылдын 1-январынан тартып 2021-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Ысык-Көл облусунун Түп районунун жергиликтүү бюджетинин аткарылышынын жүрүшүнө аудит жүргүзүлдү.

Текшерүүлөрдө бардыгы болуп 5367,9 миң сомдук каржылык мыйзам бузуулар аныкталды, анын 5021,1 миң сомунун орду толуктанууга тийиш, 2210,4 миң сому калыбына келтирилген. Кемчиликтер жана уурдоо 60,5 миң сомду түзсө, каражаттарды чыгымдоодогу тартип бузуулар жана кемчиликтер 5019,0 миң сомду түзгөн.

Аудитте 263,5 миң сомго бюджеттин кошумча чегерилген кирешелери аныкталган, анын ичинен: салык жана бажы мыйзамдарын бузуулар 256,0 миң сомго; бюджетке чегерилген ижара акысы 7,5 миң сомго. Социалдык фонддун кошумча чегерилген кирешеси 24,9 миң сомду түздү. Мындан тышкары, 808,4 миң сомдук бюджеттик резервдер жана жоготуулар аныкталып, 43,9 миң сомдун орду толтурулган.

Түп районунун жергиликтүү бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы Түп райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын, айыл өкмөттөрдүн, мекемелердин, ишканалардын башчыларынын жана финансы кызматкерлеринин катышуусунда каралды.