Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасында санарип технологияларын колдонуу менен окутуу жүргүзүлүүдө

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын ишмердүүлүгүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн өтө зарыл болгон компоненттердин бири бул адистердин кесипкөйлүгү. Андыктан жамааттын билим деңгээли корпоративдик маданияттуулуктун ажырагыс бөлүгү катары дайым жетекчиликтин көңүлүнүн чордонунда болуп келет. Агартуулук иштери дайым чоң каражаттарды талап кылат. Эксперттерди жалдоо, өткөрүү ордун даярдоо, дагы башка уюштуруучулук иштерине көп чыгымдар талап кылынат. Бирок Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы жаңы санарип технологияларын колдонуу менен көптөгөн чыгымдарды жокко чыгарган, ал эми өз багытын жакшы билген мекеменин адистери өздөрү эксперт катары тренингдерди өткөрүп келишет.

Бүгүн, 20-январда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүнүшүнүн кызматкерлери үчүн онлайн техникалык окутуу өткөрүлдү.

Алар мамлекеттик кызматтын этикалык негиздерин камтыган маселелер боюнча кенен маалыматтарды алышты, алардын арасында:

-Мамлекеттик  аудиттин жүрүшүндө аныкталган бузуулардын электрондук классификаторун практикалык колдонуу;

-2007-жылдын 7-майындагы  №76 “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын ченемдеринин сакталышы;

-“Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасында кызматтык колдонуу үчүн, маалыматтарды камтыган документтер менен иштөө тартиби жөнүндө” Жобонун сакталышы;

-“INFODOCS” Электрондук документтердин жүгүртүүнүн электрондук тутумун практикалык колдонуу;

-Сабаттуу жазуу;

-Ички эмгек жана иш тартибинин эрежелери жөнүндө;

-КР Эсептөө палатасынын кызматкерлеринин этикасы;

-“Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө” КР Мыйзамы;

-КР Эсептөө палатасында кызыкчылыктардын кагылышуусун башкаруу боюнча чаралар.

“Мындай агартуулук иш-чаралары Эсептөө палатасында системалык жолго коюлган. Бул жаңы жылдан кийинки биринчи окутуубуз. Кыргыз тилин мыкты өздөштүрүүдө, этика нормаларын сактоодо жана классификаторду колдонууда өзүбүздүн кызматкерлер эксперттик ролду аткарып, ар ким өз багыттары боюнча аймактык бөлүнүштөрдүн кызматкерлерине санариптик технологияларды колдонуу менен онлайн окутууну жүргүзүштү”, - дейт Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Адам ресурстарын өркүндөтүү бөлүмүнүн башчысы Бактыгүл Абакирова.