Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Урматтуу кыргызстандыктар! Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди келе жаткан Жаңы 2023-жылыңыздар менен куттуктайм!

Урматтуу кыргызстандыктар!
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сиздерди келе жаткан Жаңы 2023-жылыңыздар менен куттуктайм!
Жаңы жыл - бул ар дайым жакшылыктын үмүтү, келе жаткан жыл жакшы өзгөрүүлөрдүн жана жаңы жетишкендиктердин жылы болот деп ниет кылабыз. Салт боюнча өтүп бара жаткан жылды эскерүү менен урматтап жөнөтөбүз. Ал оңой болгон жок жана көптөгөн сыноолорду алып келди. Бирок ошол эле учурда ал биздин башыбызы бириктирди. Бардык тоскоолдуктарды жана кыйынчылыктарды жеңүүгө жаңы күч берди.
2022-жылы, мурдагы жылдардагыдай эле, Эсептөө палатасы мамресурстарды башкарууда сапаттуу аудит жүргүзүү аркылуу жарандарыбыздын жашоосун жакшыртуу үчүн иштеди. Келерки жылы КР ЭПсы өз кызматкерлеринин кесипкөйлүгүн жогорулатуунун, алдыга коюлган милдеттерди сапаттуу аткаруунун үстүндө иштөөнү улантат. Бюджеттик каражаттарды натыйжалуу пайдалануу, коррупцияны жана финансылык бузууларды сүрүп чыгаруу – мунун бардыгы Кыргызстан элинин бакубаттуулугунун кепилдиги экендигин өзгөчө белгилеп кетким келет.
Келе жаткан жыл жаратмандыктын жана ынтымактын жылы болуп, бакубатчылык жана тынчтык алып келсин. Жаңы жылда Сиздерди жакшылыктын, чын ыклас жана түшүнүшүүнүн атмосферасы курчап турушун каалайм. Умтулган бийиктикке жетиңиздер, каалоолоруңуздар орундалсын. Сиздерге жана жакындарыңызга бакыт-таалай, чың ден-соолук жана бакубатчылык тилейм!

Жаңы 2023-жылыңыздар менен, урматтуу мекендештер!

Чын жүрөктөн чыккан тилектер менен,
КР ЭПнын төрагасы Алмазбек Акматов.