Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн Финансылык контролдун жогорку органдары тыштан алынып келинген бажы алымдарын чегерүү жана бөлүштүрүү жана аларды мамлекеттердин бюджетине которуу боюнча биргелешкен аудитордук текшерүүнүн жыйынтыктарын чыгарышты

  Бүгүн, 28-ноябрда, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын, 

Армения Республикасынын Аудитордук палатасынын, Беларусь Республикасынын Мамлекеттик контролдоо комитетинин, Казакстан Республикасынын Жогорку аудитордук палатасынын, Россия Федерациясынын Эсептөө палатасынын коллегиясынын биргелешкен отуруму  болуп өттү. Жолугушуунун негизги темасы 2021-жылдагы ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдарынын “Тыштан алынып келинген бажы алымдарын чегерүү жана бөлүштүрүү жана аларды мамлекеттердин бюджетине которуунун тартиби жөнүндө”  Протоколун аткарууну биргелешип көзөмөлдөө иш-чараларынын жыйынтыгы болду. Көзөмөлдөө иштери    КР Эсептөө палатасынын төрагалыгынын алдында үстүбүздөгү жылдын апрель айынан тартып ноябрга чейин болуп өткөн.  

 

  Коллегиялдардын биргелешкен отуруму онлайн режиминде өттү.  

  Өзүнүн сүйлөгөн сөзүндө КР Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов жолугушуунун катышуучуларына 2021-жылы дүйнөлүк экономиканын жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн өнүгүү тенденциялары менен тааныштырып кетти. 2021-2022-жылдардагы макроэкономикалык саясаттын максаттуу маанисине жетишүү 4,1% прогноздон 4,6% деңгээлине жеткендиги жөнүндө баса белгиленди. КР Эсептөө палатасынын төрагасынын айтуусу боюнча, бюджеттин дефицитин кыскартуу жагынан бюджеттик саясаттын ирээти менен турукташуусу башталган.  

  Отурумдун негизги баяндамачысы КР ЭП аудитору А.Байгазаков жолугушуунун катышуучуларын биргелешкен көзөмөлдөө жыйынтыктары менен тааныштырды. Отчеттук мөөнөттө ЕАЭБ мүчө өлкөлөрүнүн ыйгарым укуктуу органдары (Армения Республикасынын финансы министрлиги, Беларусь Республикасынын финансы министрлиги, Казакстан Республикасынын казына Комитети, Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Борбордук казынасы, Федералдык казынанын региондор ортосундагы операциялык башкаруу) тарабынан негизинен ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин ортосунда тыштан алынып келинген бажы алымдарын чегерүү, ошондой эле тыштан алынып келинген бажы алымдарынын суммасын бөлүштүрүү тартиби сакталган. 2021-жылы ЕАЭБ мүчө мамлекеттердин  бюджетине тыштан алынып келинген бажы алымдарынын эсеби 13,5 млрд. долл. түздү.   Өткөн жылга салыштырмалуу бул көрсөткүч 2,3 млдр. долл. же 20,5%га өстү, алардын ичинен өсүү темптери: Армения Республикасы – 31,0%, Белорусь Республикасы – 3,3%, Казакстан Республикасы – 20,0 %, Россия Федерациясы – 20,5% жана баарынан көп бюджетке болгон кирешелердин өсүүсү Кыргыз Республикасында болгон – 98,% же дээрлик 2 эсеге өскөн.

  Жолугушуунун жыйынтыгында коллегиялардын мүчөлөрү бир добуштан  биргелешкен көзөмөлдөө иш-чараларынын жыйынтыктары жөнүндө отчетту бекитишти жана тиешелүү чечимде алышты.