Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Рио-де-Жанейродогу Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюмунун 24-конгрессинин ачылышына катышты

9-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматов Бразилиянын

Федералдык Эсептөө сотунун төрагалыгы менен Рио-де-Жанейро шаарында болуп өткөн Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюмунун 24-конгрессинин расмий ачылыш аземине катышты.

 

Конгрессте: «Аудиттин жогорку органдарынын коомдук кырсыктар алдындагы иши», «Глобалдык үн, глобалдык жыйынтык жана узакка созулган натыйжалар» деген эки негизги тема каралды.

Конгресстин жыйынтыгында ИНТОСАИнин Башкаруу кеңешине жана ИНТОСАИнин тышкы аудиторлоруна тандоолор өткөрүлдү.

Конгресстин чегинде Алмазбек Акматов Иран Ислам Республикасынын Аудитордук жогорку сотунун президенти Мехрдад Базарпаш менен жолугушуп эки тараптуу кызматташтыктын кийинки өнүгүшү тууралуу талкуулашты.

Алмазбек  Акматов ИНТОСАИ (INTOSAI Development Initiative) өнүктүрүү демилгесинин колдоосу менен уюштурулган Тездетилген өнөктөштүк программасынын параллелдүү жолугушуусуна да катышты. Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, отчеттук системаны эффективдүү башкарууну камсыздоо маселелерин талкуулашты.

Справка: Аудиттин жогорку органдарынын эл аралык уюму  (ИНТОСАИ/INTOSAI) – 1953-жылы негизделген БУУ мамлекеттериндеги аудиттин жогорку органдарын бириктирген эл аралык уюм. Анын курамында 196 улуттук аудиттик жогорку орган бар.