Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсептөө палатасынын кызматкерлери мамлекеттик тилде жат жазуу жазышты

Эсептөө палатасынын кызматкерлери мамлекеттик тилде жат жазуу жазышты 17-ноябрда Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынынын кызматкерлеринин арасында «Сабаттуу жазуу» аттуу жат жазуу акциясы болуп өттү.


Жат жазуунун текстин Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Тил саясатына мониторинг жүргүзүү жана талдоо бөлүмүнүн башчысы Альфира Супатаева окуп берди.
Жат жазуунун темасы чапталган эки конвертте катылган. Анын бирөөсү жат жазуунун алдында суурулуп чыгарылган.


Акциянын максаты — оозекиде жана жазууда мамлекеттик тилди сабаттуу колдонуу, расмий документтерди сабаттуу жазуунун маданиятын, мамлекеттик тилдин статусун жогорулатуу.


Бул акция Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия тарабынан өткөрүлүүдө.