Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Эсеп палатасынын өкүлдөрү Азия Өнүктүрүү банкы менен кызматташуу багытын жана техникалык жардамдын көлөмүн талкуулашты

Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын өкүлдөрү Азия өнүктүрүү банкынын командасы менен КР Эсеп палатасынын потенциалын өнүктүрүү үчүн АӨБнын техникалык жардамынын багыттарын жана көлөмүн изилдөө боюнча жолугушуу өткөрүштү. Жолугушуу 3-ноябрда видеоконференция форматында өттү.

КР Эсеп палатасынын аппаратынын жетекчиси Нурпаис Осмонов маектешкендерге Эсеп палатасынын жалпы түзүмү жана уюштурулушу, Эсеп палатасынын кадрдык жактан камсыз болуусу жана потенциалы тууралуу айтып берди, ошондой эле финансылык отчеттуулуктун кесиптик стандарттары жөнүндө маалымат берди.

АӨБнын коомчулукту башкаруу боюнча улук адиси Анжум Исрар КР Эсеп палатасынын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мамлекеттик сектордун аудити жаатындагы адистеринин ишин жогору баалады.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар кызыкдар тараптардын катышуусу менен аудит жүргүзүү потенциалына байланыштуу маселелерди талкуулашты, ошондой эле потенциалды жогорулатуу боюнча өнүктүрүүнү координациялоону талкуулашты.

Мындан тышкары, Азия Өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү коррупцияга каршы мыйзамдар жана Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасынын 2022-2026-жылдарга стратегиялык өнүктүрүү планы менен таанышты, анда төмөнкүдөй артыкчылыктуу максаттар жана милдеттер камтылган: ISSAI ылайык аудит, тагыраак айтканда финасылык аудит, шайкештик жана натыйжалуулук аудити жана кызыкдар тараптардын өз ара катышуусун бекемдөө аркылуу мамлекеттик каржыны башкаруунун бир топ эффективдүү, ачык жана отчеттуу системасына көмөк көрсөтүү.