Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

КР Эсептөө палатасы Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин бюджетинин аткарылышынын аудитин өткөрдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши тарабынан 2021-жылга Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинде бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жөнүндө отчетту бекитилди. 

Дипломаттык өкүлчүлүктүн ишмердүүлүгүнө тиешелүү болгон укук-ченемдик документтер, ички ченемдик документтер, каржы отчеттору иликтенди.  Аудитордук текшерүү Элчиликтин ишмердүүлүгү бардык аспектер боюнча бекитилиген мыйзам ченемдерине шайкеш келерин аныктады. 

Бирок Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги 2016-2018-жылдарга жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыктары боюнча Эсептөө палатасынын Элчиликтин балансындагы 35 839 АКШ доллары суммасындагы өтмө калдык  боюнча («СБС-АГРО» Акционердик коммерциялык банктын векселин сатып алуу) жазма буйрукту аткарылбагандыгы аныкталган. Вексель Элчилик тарабынан 2002-жылдын августунда сатылып алынган, жана 14.08.2027-жылдан кеч эмес төлөнүүгө тийиш болчу. Элчиликтин архивинде векселди сатып алууну тастыктаган документтер жок болуп чыккан, ал эми «СБС-АГРО» АКБсы 2004-жылы жоюлган. РФнын Граждандык кодексинин 61-беренесине ылайык, юридикалык жакты жоюу, башка адамга укук мураскерлиги тартибинде укуктары жана милдеттери өткөрбөстүгүн баса белгилеп кетүү керек. Ошентип, «СБС-АГРО» АКБнын жоюлушуна байланыштуу анын бардык милдеттенмелери токтотулду. КР ТИМне КР Эсептөө палатасынын мурун жөнөтүлгөн жазма буйругун аткаруу боюнча чара көрүү жөнүндө сунуш кайрадан берилди.

Андан тышкары аудиттин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жана КРнын РФдагы Элчилигине Элчиликтин эсеп иштеринин көлөмүнүн чоңдугуна байланыштуу кызматкерлердин санын көбөйтүү мүмкүнчүлүгүн кароо сунушталды. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Россия Федерациясындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин авто паркын жаңылоо маселеси жөнүндө сунушту Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине киргизсүүсү сунушталды. Көпкө пайдалануудан улам, 2019-2021-жылдары автомашиналарды оңдоого 36,8 миң АКШ доллары чыгымдалган. Көпкө пайдалануудан улам, автомобилдерди күтүү экономикалык жактан максатсыз жана натыйжасыз болуп эсептелет. 11 автомобилдин ичинен, 7 автомобиль нөлдүк баланстык наркка ээ, анын ичинен, 4 автомобиль 7 жылдан ашык пайдаланылууда.