Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

ЭКОСАИнин IX Ассамблеясы болуп өттү

Төрага Алмазбек Шаршембиевич Акматов жетектеген Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын делегациясы эконмикалык кызматташуу өлкөлөрүнүн аудиттин жогорку органдарынын
IX Ассамблеясынын ишине  катышты, ал 2022-жылдын 25-августунан

26-августуна чейин Нур-Султан (Казакстан) шаарында өткөн.

Бул иш-чаранын алкагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы 2022-2025-жылдар мезгил аралыгына карата ЭКОСАИ Башкаруу Кеңешинин курамына шайланды. Мындан сырткары, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы Иран Ислам Республикасынын Жогорку аудитордук соту менен бирге, 2019-2021-жлдарга ЭКОСАИ эсептерине жүргүзүлгөн аудит жөнүндө отчет берди. Ошондой эле, ЭКОСАИ мүчөлөрү – аудиттин жогорку органдары, 3 жыл мезгил ичиндеги иштин жыйынтыгын чыгарып, иштин абдан актуалдуу маселелерин талкуулады, ЭКОСАИнин жетектөөчү органдарына жаңы мүчөлөрдү  шайлап, андан аркы саясатты аныкташты.

Муну менен катар, ЭКОСАИ IX Ассамблеясын алкагында Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Шаршембиевич менен Иран Ислам Республикасынын Жогорку аудитордук сотунун башчысы Мехрдад Базрпаш менен жолугушуусу болуп өттү. Тараптар эки тараптуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты жана өз ара аркеттенишүүнү андан ары өнүктүрүү жолун белгилешти.

Маалымат үчүн:

ЭКОСАИ 1994-жылы түзүлгөн, ал төмөндөгү өлкөлөрдү аудиттин жогорку органдарын бириктирет: 

Афганистан; Азербайжан; Иран; Казакстан; Кыргызстан; Пакистан; Тажикстан; Өзбекстан; Түркия Республикасынын  Түндүк  Кипри;   Түркмөнстан жана Түркия.

 ЭКОСАИнин байкоочулары: Беларусь, Кувейт, Палестина жана  Катар.

ЭКОСАИ өзүнүн максаты катары, идея, тажрыйба алмашуу жана семинарларды, конференцияларды жана окуу курстарын өткөрүү менен, мүчө өлкөлөрдөгү мамлекеттик  аудит кесибин алга жылдырууну коет.  ЭКОСАИ максаты, Ассамблея, Башкаруу Кеңеш жана Катчылык сыяктуу жетектөөчү орган аркылуу жетишилет.   

Ассамблея –  тескөөчү орган катары эсептелип, үч жылда бир жолу өткөрүлөт.

 Башкаруу Кеңеши – аткаруу органы болуп эсептелет жана төмөндөгү беш мүчөдөн турат: 

         - Президент;

         - Башкы катчы;

         - Ассамблея тарбынан шайланган үч мүчө. 

Уюмдун Катчылыгы Пакистандын  Исламабад шаарындагы штаб-квартира менен туруктуу орган болуп эсептелет жана аны Пакистандын Башкы аудитору жетектейт.