Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы А.Ш. Акматов эмгек жамаатын КР финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен куттуктады

 Урматтуу кесиптештер!

    Сиздерди Кыргыз Республикасынын Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм!

    Бул майрам мамлекеттин экономикалык тутумун өнүктүрүүдө жана чыңдоодо финансы чөйрөсүндөгү кызматкерлеринин жогорку ролун белгилөөгө арналган, бул коомдогу социалдык жана саясий туруктуулуктун кепилдиги болуп саналат.

    Сиздер аткарып жаткан ишиңиздер канчалык жоопкерчиликтүү жана олуттуу экенин жана бул жерде финансисттерге мүнөздүү кесипкөйлүк, чынчылдык, объективдүүлүк сыяктуу сапаттар кандай маанилүү роль ойноорун баарыбыз түшүнөбүз.

    Финансы тутумунун бардык кызматкерлеринин башкы милдети — мамлекетибиздин ийгиликтерин кеңейтүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү, тажрыйбаларды жана ресурстарды натыйжалуу пайдалануу менен, мындан аркы экономикалык өсүштү жана социалдык бакубаттуулукту камсыз кылуунун татаал милдеттерин чечүү.

    Сиздин жогорку кесипкөйлүгүңүз, тажрыйбаңыз, өз ишиңизге болгон жоопкерчиликтүү мамилеңиз жана биздин эмгек жамаатынын ынтымактуулугу экономиканы өнүктүрүүгө олуттуу салым кошот  жана анын финансылык туруктуулугун камсыз кылат деп, терең ишенем. 

    Бир максатта болуу менен гана биз, республикабызды жакшы жакка өзгөртө алабыз, мекендештерибиздин туруктуу жашоосун камсыздай алабыз, анткени, мамлекеттик бюджеттин ар бир сомунун артында Кыргызстандын элинин эмгеги турат.

    Сиздерге жана Сиздердин жакындарыңыздарга бекем ден-соолук, бакубаттуулук каалайм, ишиңиздер ийгиликтүү болуп, ар бириңиздерде кесиптик өсүштөр жана жаңы бийиктиктер болсун!

 Урматтоо менен, 

КР Эсептөө палатасынын төрагасы                                                            А.Ш. Акматов