Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-2021-жылдары Кадамжай районунда 5,4 млн. сомдук каржы бузуулар аныкталды

2020-2021-жылдар аралыгында Баткен областынын Кадамжай районунун социалдык экономикалык өнүгүшүн талдоо жана бюджетинин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча, жалпы суммасы 5 млн. 454,7 миң сомдук каржы бузуулары аныкталды. Анын ичинен:

  • курулуш иштеринин көлөмүн жана баасын негизсиз жогорулатуу – 2 млн. 921,4 миң сом;
  • эсептен дебитордук карызды жашыруу жана кредитордук карызды негизсиз көбөйтүү – 1 млн. 209,9 миң сом;
  • эмгек акыларды негизсиз төлөө – 659,7 миң сом.

Аныкталган каржы бузуулардын ичинен 4 млн. 877,1 миң сом калыбына келтирилүүгө тийиш болсо, аудиттин жүрүшүндө 1 млн. 936,9 миң сом калыбына келтирилди.

Андан сырткары, 2 млн. 273,1 миң сом бюджеттик жоготуулар жана резервдер аныкталды.

Кадамжай районун Халмион жана Майдан айыл өкмөттөрүндөгү аныкталган курулуш иштерине кошуп жазуулар, Кадамжай шаардык мэриясындагы аныкталган бюджеттик жоготуулар жана “Айдаркен-Коммунальщик” ачык акционердик коомундагы каржылык
бузуулар боюнча аудиттин материалдары, тийиштүү чараларды көрүү үчүн Баткен областтык прокуратурасына жөнөтүлдү.