Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-жылга КР Транспорт жана жол министрлигинде аудит жүргүзүлдү

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2020-жылга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинде натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудити  жөнүндө отчетту кабыл алды.

Аудитте жалпы суммасы 138,2 млн. сомго каржы бузуулар аныкталган.

Эмгек акылардын негизсиз төлөнүшү 8 млн. 468,1 миң сомду түздү, анын ичинен, 2020-жылы “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө” Жобонун талаптарын бузуу менен, жумушчу орундарга аттестациялоону жүргүзбөстөн, жол пайдаланачу ишканалардын кызматкерлерине кызматтык айлыкка 25-59% өлчөмүндө 2,7 млн. сом суммасында кошумча төлөмдөр эсептелинип, төлөнүп берилген, тамак-ашка, коммуналдык чыгымдарга, жол киреге жана башка төлөмдөргө бардыгы болуп, 2,5 млн. сом чыгымдалган.

Курулуш-куроо иштеринин көлөмүн жогорулатуу 2,1 млн. сомго аныкталды. Төмөнкүдөй бузуулар орун алган: иштердин аткарылбашы, иштердин жогорулатылган көлөмү жана кемчилиги бар иштер.

Эсеп боюнча дебитордук жана ашырылган кредиттик карыздарды жашыруу – 4,1 млн. сом.

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасы белгиленген максаттарга багытталган долбоорлордогу чыгымдар боюнча тиешелүү материалдарды Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жиберди. “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолду куруу боюнча долбоорду ишке ашырууда, техникалык көзөмөлдөөнүн кызматкерлерин тейлөөгө арналган транспорттук унаалар Кыргыздортрансдолбоорунун жетекчилиги тарабынан колдонулган.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудит объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жана сунуштамалар жөнөтүлдү.