Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

2020-жылы КР Айыл чарба министрлигинде 17,6 млн. сомдук каржы бузуулар аныкталды

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Кеңеши өзүнүн кезектеги жыйынында 2020-жылга  Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүндө бюджеттин аткарылышына натыйжалуулук аудиттин элементтерин колдонуу менен жүргүзүлгөн шайкештик аудитинин жыйынтыктары жөнүндө отчетту карап, бекитти.

Аудиттин материалдарында айтылгандай, жалпы суммасы 17 млн. 553,2 миң сомдук каржы бузуулар аныкталган. Анын ичинен эң негизгилери:

  • эмгек акы төлөөдө кетирилген каржылык тартип бузуулардын суммасы -11 млн. 929,6 миң сом;
  •  
  • эсептен жашырылган дебитордук карыздын суммасы 502,7 миң сомду түзөт.

Мындан тышкары, 693,3 миң сомдук негизсиз пайдаланылган ашыкча күйүүчү-майлоочу материалдардын суммасы аныкталды. Бул негизсиз пайдаланылган күйүүчү-майлоочу материалдардын басымдуу көпчүлүгү министрликтин жетекчилиги тарабынан пайдаланылган. Мамлекеттик сатып алууда процедуралык кемчиликтер көп орун алган жана сатып алууда конкурс өткөрүлбөстөн, 928,2 миң сомго товардык-материалдык баалуулуктар сатылып алынган.  

Министрликтин борбордук аппаратына жана ага караштуу мекемелерге, химиялаштыруу жана өсүмдүктөрдү коргоо Департаментинин балансындагы  жалпы суммасы 2 млн. 983,8 миң сомдук 5 даана атайын техникалар максатсыз пайдаланууга жол берилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн каржы бузуулардын ичинен 246,3 миң сом аудит учурунда бюджетке кайтарылды.

Жыйындын соңунда тиешелүү токтом кабыл алынып, аудиттин объектисине аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана мындан аркы ишмердүүлүгүндө аларды болтурбоо жөнүндө жазма буйрук жөнөтүлдү.