Шрифттин өлчөмү
Аралык
Сүрөттөр
Кыргыз Республикасынын
Эсептөө палатасы

Ишеним телефону
+996 (555) 500-985
«Кыргызтелеком» ААКсынын стационардык телефондорунан чалуу акысыз

Конкурстун жыйынтыгы менен КР Эсептөө палатасынын ички резервине 58 талапкер кирди

Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын төрагасы Алмазбек Акматовдун буйругунун негизинде, жарыяланган ачык конкурстун экинчи этабы - аңгемелешүүнүн жыйынтыгында, Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервинин башкы, улук, кенже тобуна бардыгы болуп 58 талапкер кирди.

2022-жылдын 25-февралынан тартып Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүүгө ачык конкурс жарыяланган. Конкурска катышуу үчүн жалпысынан 125 адам документ тапшырган.

Компьютердик тестирлөөгө киргизилген 114 адамдын ичинен, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин Тестирлөө борборунда өткөн компьютердик тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча 83 конкурсант тиешелүү балл алышкан.

2022-жылдын 19-26-апрелинде Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын мамлекеттик жарандык кызматынын кадрлар резервине киргизүүгө жарыяланган ачык конкурстун экинчи этабы – аңгемелешүү өткөрүлгөн.